Рим папасы дүйнө элин коронавирустан арылуу үчүн дуба кылууга чакырды
Рим папасы Франциск христиан чиркөөлөрүнүн башчыларын жана христиан коомдорунун лидерлерин Кудайдан дүйнөнү коронавирустан арылта көр деп дуба кылууга чакырды. Бул тууралуу ал Ватиканда өткөн иш чарада билдирди.
Ал чогуу-чаран дуба кылууну 25 мартта түштө кылууга чакырды.
Ал бардык динди тутунгандарга папанын китепканасынан кайрылган.
Буга чейин Далай-лама дагы буддисттерди мантра окууга чакырган.
Кыргызстандын муфтияты дагы коронавирус илдетин алдын алуу үчүн курмандык чалышкан. Андан сырткары муфтий Максат ажы Токтомушев коронавирустан коргонуу үчүн кайсы сүрөөлөрдү окуса пайдасы болорун айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/rim-papasy-djn-elin-koronavirustan-aryluu-chn-duba-kyluuga-chakyrdy
Добавить комментарий ×