Режиссер, депутат Садык Шер-Ниязга “Лос-Анжелестин ардактуу атуулу” деген наам ыйгарылды

15 ноября 2019 11:37 4152 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын Лос-Анжелес шаарында бешинчи эл аралык Азия кинофестивалын өткөргөн кыргыз режиссеру, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Ниязга Лос-Анжелес шаарынын бийлиги “Лос-Анжелестин ардактуу атуулу” деген наам ыйгарышты. Бул тууралуу Садык Шер-Нияз өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Садык Шер-Нияз Asian World Film Festival’ын негиздеп, ал көп жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Кинофестиваль Азия менен Голливуд киноиндустриясынын ортосундагы байланышты бекемдөө максатында негизделген.

Бул ирет Asian World Film Festival’ына түрктөрдүн айтылуу “Даңазалуу доор” тасмасындагы Султан Сулеймандын жубайы Хүррем Султандын ролун аткарган актриса Мерьям Үзерли башкы калыстык кылды.

Фестивалга Түркиядан Японияга чейин, Россия, Индия жана Жакынкы Чыгышта тартылган тасмалар катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/rezhisser-deputat-sadyk-sher-niyazga-los-anzhelestin-ardaktuu-atuulu-degen-naam-yjgaryldy



Добавить комментарий