Таласта 30 метр бийиктикке туу көтөрүлүп, маркум депутат Болот Шердин ашы өтөт

13 сентября 2022 14:24 6831 Barometr
Поделиться в:
ok

16-сентябрда Таласта бийиктиги 30 метр кыргыз туусу көтөрүлүп, маркум депутат Болот Шердин ашы өтөт. Бул тууралуу маркумдун иниси Садык Шер-Нияздын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 16 сентябрда саат 9:30 да, Таласта, Чоң Капка айылында Болот Шердин ашы өтөт.

"Аш айылдагы “Талас салгылашуусу, Талас курултайына”  жана Болот Шердин өзүнө да арналып курулуп жаткан музейдин короосунан салтанаттуу жыйын менен баштайбыз. Бийиктиги 30 метр кыргыз туусу көтөрүлөт.

Болот Шерди көрүп билип, жанында жүргөндөр, жакындары, деги эле “мен дагы куран окуп коймок” элем дегендерге кабар жетпей калса сиздерге эшик ачык.

Таласта 16-сентябрда мааракелер арбын болуп, ошону үчүн да 30 минута эртерээк жылдырууга туура келди.

Кадимки даңктуу атабыз Чолпонбай Түлөбердиевге арналган маараке (музейдин ачылышы) саат 11:00до башталат (15 км аралыкта). Андан кийин кечке чейин оюн зооктор менен уланмакчы. “Таласка бир барыш керек эле” деп жүргөндөр үчүн ошол күн келди дей бергиле.

Бар болуңуздар!", -деп жазды Садык Шер-Нияз.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты, ИИМдин мурдагы жетекчиси Болот Шерниязов 2020-жылдын 21-июнунда каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-30-metr-bijiktike-tuu-ktrlp-markum-deputat-bolot-sherdin-ashy-tt



Добавить комментарий