Бишкектеги конуштарда коронавирус жуктургандарды аныктоо үчүн дарыгерлер кыдырат
Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп, анда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аймактардагы обсервациялык пункттардын даярдыгы тууралуу айтты. Жыйын жүрүшүндө коронавируска чалдыккандарды кыдырып аныктоо максатында Бишкектин айланасындагы конуштардын, ошондой эле вирус чыгып жаткан өлкө аймактарындагы айрым калктуу конуштарынын тургундарын текшерүүдөн өткөрүү маселеси талкууланды.
«Илдетти жугузган айрым райондордун аймагындагы үймө-үй кыдыруу, тургундардын саламаттыгын текшерүү иши уюштурулган түрдө сапаттуу жана ыкчам өткөрүлүшү керек. Мобилдик бригадалар иштин бул баскычына даяр болуусу шарт», - деди биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.
Ал ошондой эле, жоопкер кызматтарга медициналык кызматкерлердин жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалышын көзөмөлгө алууну тапшырды.
Жыйын соңунда үй карантини, облустардагы мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү маселесине тийиштүү бир катар тапшырмалар берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-shtabdyn-zhyjyny-tt
Добавить комментарий ×