Үй-бүлөлүк дарыгер коронавирус илдетинен каза тапты
Поделиться в:
Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери 59 жаштагы Исмаилов Альберт Жумабекович 2-июнда коронавирус илдетинен каза болду.
Исмаилов Альберт Жумабекович саламаттыкты сактоо тармагында 36 жыл эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатынын жана бардык медкызматкерлердин, Республикалык штабдын атынан анын жакындарына орду толгус жоготуу болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-shtabdyn-atynan-kl-ajtabyz
Добавить комментарий ×