Коронавирустан айыккан жарандарга кеңеш
Коронавирус менен ооруп айыккан жарандар имунитетин көтөрүш керек. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Борбордун директорунун айтымында, оорудан айыккан бейтаптар санитардык эрежелерди сактоосу зарыл: беткап тагынуу, колдун гигиенасын, социалдык аралыкты сактоо.
Ал эми реабилитация үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
Толук баалуу тамактануу зарыл. Мисалы: суюктукту көп ичүү (чай, морс, компоттор), сүт азыктары (айран, кефир);
Майлуу эмес эт азыктары, этти куурубастан, бышырып, шорпо же бульон жасоо жана балык сунушталат;
Мөмө жана жер-жемиштен жасалган пюрелер, жашылчаларды колдонуу керек. Акырындык менен рационго калориялуу тамактарды кошсо болот;
Физикалык активдүүлүк: бир күндө 30 мүнөткө жакын таза абада жай сейилдөө керек. Абалыңызга жараша, сейилдөөнүн убактысын көбөйтүүгө болот. Эгерде спорт менен машыккан адам болсоңуз, ден соолугуңуздун абалына жараша кайрадан машыгууну баштасаңыз болот;
Дем алуу гимнастикасын үйдөн, өз алдынча жасоо мүмкүн. Күн сайын 10-15 минут гимнастиканы эки-үч маал жасоого болот. Андан сыткары, 8 сааттан кем эмес уктоо зарыл. Толук кандуу уктап, эс алуу – иммунитетти көтөрөт.
Куурулган, туздалган тамактардан баш тартып, шекерди, ар кандай таттуу тамактарды жегенди токтотуп туруу зарыл. Ошондой эле, тамекчи чегүүдөн жана спирт ичимдиктерининен алыс болгула;
Реабилитация учурунда суукка урунбоо зарыл. Аба ырайына ылайык кийинип, суукта көпкө жүрбөш керек.
Ссылка: https://barometr.kg/reabilitaciya-uchurunda-suukka-urunboo-zaryl
Добавить комментарий ×