Рамзан Кадыровдун 13 жаштагы уулу шайлоодо жеңишке жетишти

20 февраля 2021 12:19 2914 Barometr
Поделиться в:
ok

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 13 жаштагы уулу Адам биринчи шайлоодо жеңишке жетишти. Ал республиканын биринчи президенти Ахмат Кадыров атындагы Билим берүү борборунун президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Кадыровдун телеграм-каналына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

 Кадыров уулун "ишенимдүү жеңиш" менен куттуктады. Мектептеги шайлоодо Адамга "шайлоочулардын абсолюттук көпчүлүгү добуш берди" деди ал.

Чеченстандын башчысы уулунун жеңиши ачык жана таза болду деп ишендирди.

"Шайлоо өнөктүгү бардык белгиленген регламенттерди сактоо менен шайлоо комиссиясынын тыкыр көзөмөлү астында уюштурулду. Добуш берүүгө 3-11-класстын окуучулары, мугалимдер жана Билим берүү борборунун администрациясы катышты. Үч талапкердин ичинен абсолюттук шайлоочулардын көпчүлүгү (81,7 пайызы) Адамга добуш берди", - деп жазган ал.

"Инаугурация учурунда Адам мектептин уставы менен салтанаттуу ант берип, Россиянын жана Чечен Республикасынын Конституциясын, ошондой эле мектеп эрежелерин сактоого милдеттенди. Андан кийин ал Билим берүү мекемесинин өкмөтүнүн Президентинин күбөлүгүн жана Билим берүү борборунун директорунан президенттик бийликтин символун алды", - деп айтылат билдирүүдө.

Кадыров кошумчалагандай, уулу спортто мыкты ийгиликтерге жетишип, жакшы окуйт жана Куранды жатка билет.


Ссылка: https://barometr.kg/ramzan-kadyrovdun-13-zhashtagy-uulu-shajloodo-zheishke-zhetishti



Добавить комментарий