Тоңдо жааган мөндүрдөн улам чарба өсүмдүктөр жабыркады
Поделиться в:
Тоң районунда мөндүр жаап чарба өсүмдүктөр жабыркады. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айыл аймагында кечээ, 10-июнь күнү саат 14:20 чамасында кыска убакыт жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Көл-Төр, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак айылдарындагы чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген.
Турак үйлөр жана жолдор жабыркаган эмес.
Учурда, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/rajonunda-mndrdn-charba-smdktr-zhabyrkady
Добавить комментарий ×