Психолог: коронавирус пандемиясынан кийин кишилердин жүрүм-туруму өзгөрөт
Британиянын үй-бүлөлүк терапия ассоциациясынын башчысы Рене Сингх коронавирустан улам киргизилген изоляция менен карантин кишилерди мурдагыдан дагы эмоционалдуу кылып, сезимдерин ачык айтууга үйрөтө турганын билдирди.
Психолог ошондой эле, кишилерде коронавирус жуктуруп алам деген тынчсыздануу көпкө чейин кетпей турганын, андыктан эски тааныштары менен кучакташып учурашуудан баш тартыша турганын айтат.
Андан сырткары кишилер дүкөндө, кинотеатрда, же музейде кезекте турганда мурдагыдай тыгылышпай аралыкты сактоого өтө турганын кошумчалады.
Адис андан сырткары карантин учурунда үйдө болуп, бири-бирин жакшы түшүнгөн жубайлар жана чыгармачыл кишилер изоляция учурунда башынан өткөргөн нерселерди музыка, поэзия кылып жазышы мүмкүн деген оюн билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/psiholog-koronavirus-pandemiyasynan-kijin-kishilerdin-zhrm-turumu-zgrt
Добавить комментарий ×