Прокурор Анарбай Мамажакыпов кантип өлтүрүлгөнү тууралуу айтылды

29 ноября 2018 16:36 1721 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча аны менен чогуу аңчылыкка чыккан прокурорлордун кылмышка тиешеси барбы-жокпу тыкыр иликтенип жатат. Бул тууралуу ИИМ маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Кылмышка Мелис Калыковдун түздөн-түз тиешеси болуп жатат. Ал эми арак заводдун Баткендеги өкүлү Эрнис Базарбек уулу да аңчылыкка чыкканы тастыкталды. Экөө мушташканда прокурорлор жанында жок болчу, ошондон улам арачалай алган эмес. Бирок Мамажакыпов менен Калыковдун жаңжалдашып жаткан учурун көргөндөр бар", — деп билдиришти ИИМден. 

Ошондой эле башкы прокуратуранын ыкчам, тергөө иштерин көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев буларга токтолду: 

"Аңчылыктан келе жатып  Мелис Калыков Lexus унаасы менен алдыны көздөй кеткен. Төрт-Көл суу сактагычынын жанындагы кафеге токтоп, артта келе жаткандарды күткөн. Кафеге киришкен эмес. Алар келгенде унаадан түшүп турушкан. Мелис Калыков башкаларды таштап, прокурорду унаасына салып кеткен. "Нивага" батпагандыктан прокурорлор экинчи машина чакырып, ошол эле учурда Мамажакыповду издеген. Калыков трассадан таштак жолго чыгып, тоо тарапка айдаган. Ошол жактан кылмыш болгон.Мамажакыповдун сөөгү аңчылык кылган жерден 20 чакырымдай алыстыкта табылды. Демек, Калыков кылмышты жашырыш үчүн барган. Дагы башка версиялар болушу мүмкүн". 

Териштирүүнүн натыйжасында облустук прокурордун эки орун басары, эки бөлүм башчысы жана Баткен районунун прокурору орун басары менен кошо иштен алынды. Буга чейин аларга убактылуу четтетилүү болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/prokuror-anarbaj-mamazhakypov-kantip-ltrlgn-tuuraluu-ajtyldy



Добавить комментарий