Пригородное айыл өкмөтүн басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп жаткан аялдар жети облустан келишкен

15 апреля 2021 13:18 4495 Barometr
Поделиться в:
ok

Пригородное айылындагы айыл өкмөттүн имаратын басып алган аялдар аталган айылдын тургундары эмес.

Маалым болгондой, айыл өкмөтүнүн ичине кирип алып, өздүрүнө бензин коюуп өрттөйбүз деп жаткан аялдар жети дубандан келген.

Эске сала кетсек, бүгүн, 15-апрелде Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын 15ке жакын аял басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп жатышат делген маалымат интернетке желдей таркаган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аялдар банктан алган насыясын төлөй албай калып, үйлөрүн алдырып жиберүү коркунучунда турушкан. 

Белгилей кетсек, алар банктардан үстөк пайызды 3 пайызга түшүрүүнү талап кылып, буга чейин, үч күн өкмөт үйүнүн алдына барып, көйгөйлөрүн чечип берүүнү суранышкан. Бирок, өкмөт тараптан эч кандай жооп болбогондуктан, 15ке жакын аял Пригородное айыл өкмөтүн басып алып, көйгөйлөрү чечилбесе өздөрүн өрттөп жиберишерин айтып жатышат.

Алар, пандемия учурунда да жеке банктар насыясы барларга жеңилдик бербей жатканын  айтып, нааразы болушууда.

Учурда, окуя болгон жерде, Чүй ОИИБ, Аламүдүн РИИБнин жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле аялдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылган өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев турат. Ошондой эле, вице-премьер-министр Улугбек Карымшаков да аялдар менен сүйлөшүү үчүн келген. Бирок, аялдар өкмөт башчы Улукбек Марипов өзү келбесе эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай тургандыктарын айтышууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/prigorodnoe-ajylyndagy-ajyl-kmtt-basyp-alyp-zdrn-rttjbz-dep-zhatkan-ayaldar-zheti-oblustan-kelishken



Добавить комментарий