Кыргызстанда 9-майга карата ири иш-чаралар өтпөйт

28 апреля 2020 16:31 1717 Barometr
Поделиться в:
ok

"Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биз 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз", — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция — «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына, өткөн жылдардагыдай эле, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheishtin-75-zhyldygyna-karata-massalyk-ish-charalardy-tkr-albajbyz



Добавить комментарий