Президент Жээнбеков Арменияга учуп кетти. Делегация курамында кимдер бар?
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-сентябрда Армениянын баш калаасы Ереван шаарына учуп кетти.
Президент эртең 1-октябрда өтүүчү Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышат.
Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
ЖЕЭК жыйынынын алкагында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин башчылары «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун ишине катышышат.
Президент Жээнбековду коштоп Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Орусиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жеенбаева барышты.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheenbekov-armeniyaga-uchup-ketti-delegaciya-kuramynda-kimder-bar
Добавить комментарий ×