Сооронбай Жээнбеков Арменияга сапар тартты
Президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрь – 1-октябрда Армениянын баш калаасы Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Ал белгилегендей, ЖЕЭК жыйындары адаттагыдай тар жана кеңири курамда өтөт.
“Бул саммиттин өзгөчөлүгү – анын алкагында Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” Эл аралык форумун уюштуруу пландалууда”, - деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.
Ал өткөн жумада Бишкек шаарында “Евразиялык жумалык” ийгиликтүү өткөнүн эске салды.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheenbekov-armeniyaga-sapar-tartty
Добавить комментарий ×