Жээнбеков ЖЕЭКтин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

20 декабря 2019 09:06 2047 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия) учуп кетти.

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары КМШ  мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheektin-kezektegi-zhyjynyna-katyshuu-chn-sankt-peterburg-shaaryna-uchup-ketti



Добавить комментарий