Президент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалында жаракат алган жоокерлерден кабар алды

12 мая 2020 11:39 1323 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди.

Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат. 

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады. Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 8-майда кечке жуук Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Чек аймагында эки улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда келишпестик чыгып, алгач алар бири-бирине таш ыргытышкан. Эки тараптын чек арачылары абалды турукташтыруу үчүн асманга ок чыгарышкан, ушундай аракеттен кийин гана абал турукташкансыган. Бирок бир аздан кийин тажик чек арачылары кыргыз чек арачылары менен жай тургундарды көздөй минометтон ок чыгарган. Анын кесепетинен Кыргызстандын үч чек арачысы жаракат алган.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zhakynda-bolgon-chek-ara-zhazhalynda-zharakat-algan-asker-kyzmatkerlerinin-abalynan-kabar-aldy



Добавить комментарий