Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик иш сапар менен Кытайга учуп кетти

6 июня 2018 22:30 1407 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик иш сапар менен Кытайга учуп кетти.

Иш сапардын алкагында өлкө башчысы Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Си Цзиньпин, ошондой эле мамлекеттик кеңештин премьери Ли Кэцян, эл өкүлдөрүнүн буткүл Кытай отурумунун туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чшаньшу менен жолугат.

Жолугушууда эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу пландалууда. Эң башкы саясий документ катары ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен декларациясы болот. 9-10-июнда Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекет башчылар Кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Кытай тарап бул уюмдагы төрагалыкты жыйынтыктап, Кыргызстанга өткөрүп бермекчи.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-mamlekettik-ish-sapar-menen-kytajga-uchup-ketti



Добавить комментарий