Президент Сооронбай Жээнбеков: Карылар күн сайын урмат-сый көрүүгө татыктуу
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунда кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкенин, улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик бааланаарын баса белгилейт
“Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү — азыркы муундун милдети. Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулат. Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланат”, - деп айтылат куттуктоодо.
Өлкө башчысы алдыда чоң жоопкерчилик, ишке ашырыла турган максаттар турганын белгилеп, карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрүүгө кыргызстандыктарды чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-karylar-kn-sajyn-urmat-syj-krg-tatyktuu
Добавить комментарий ×