Президент соцфонддун "2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзамга кол койду
Поделиться в:
Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 48911,9 млн. сом суммасында, чыгашалар боюнча 46462,6 млн. сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 2449,3 млн. сом суммасында ашуусу менен бекитилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Добавить комментарий ×