Президент: Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл

24 июня 2019 11:42 3692 Barometr
Поделиться в:
ok

«Бизнес мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизе алышы керек»,-деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында.Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Төмөндө Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүнүн толук тексти:

«Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Сөзүмдүн башында Комитеттин маанисин, максатын мекендештериме дагы бир ирет түшүндүрүп кетейин.

Мамлекет тарабынан жасалып жаткан аракеттерге карабастан, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча реалдуу жыйынтыктар болбой жатканы баарыбызга маалым.

Мамлекеттик органдардын отчетторун анализдеп көрсөк, алардын ою боюнча, өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. 

Бул отчетторго ылайык, бизнестин өзү өнөр жай менен алектенгиси келбегендей пикир жаралат.

Ошол эле убакта, биздин ишкерлерге жана чет элдик инвесторлорго жаңы өндүрүштөрдү ачууга, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө эмне тоскоол болуп жатканын сурамжылоо болду.

Анда бизнесмендер жана ишкерлер, мамлекеттик органдардын пикирине дал келбеген көз караштарын билдирип жатышат.

Ошондуктан, бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жатат.

Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл.

Ал эми бизнес болсо өнүгүү процессинин тең укуктуу катышуучусу болушу керек.

Өнөр жай тармагын өнүктүрбөй туруп, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эместиги талашсыз.

Биз келечекте өнөр жайды узак мөөнөттүү өнүктүрүү боюнча көз карашты калыптандырган жана аны жүзөгө ашыруу жолдорун аныктаган аянтча түзүүбүз керек болду.

Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бизнес менен мамлекеттин ортосундагы атайын диалог аянтчасын түздүк.

Бул Комитеттин негизги максаттары төмөнкүдөй: 

Биринчи, Өнөр жайды өнүктүрүү жана модернизациялоо максатында жагымдуу бизнес чөйрөнү калыптандыруу боюнча туруктуу негизде талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу.

Экинчи, Мамлекет менен бирдикте Кыргызстандын өнүгүү келечегин аныктаган ишкерлердин реалдуу катмарын түзүү.

Маанилүү чечим кабыл алуу процессине тең укуктуу деңгээлде катышкан,  өнүгүүнүн субъектиси болгон өнөр жайчылардын статусун калыптандыруу.

Ишкерлер мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизишин камсыз кылуу.

Үчүнчү, ата-мекендик жана чет элдик өнөр жайчыларга жагымдуу шарттарды түзүү менен экономиканын структурасын жаӊы чакырыктарга ылайык өзгөртүү.

Ушул максаттарга жетүү үчүн Комитеттин алдында кандай милдеттер турат?

Өлкөдөгү өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган стимулдардын эффективдүүлүгүн талдоо;

Өнөр жай тармагына багытталган инвестициялык программаларды сунуштоо;

Өнөр жай тармагына зарыл болгон заманбап адистерди даярдоо жолдорун иштеп чыгуу;

Өнөр жай тармагын тейлеген инфраструктураны жакшыртуу жолдорун сунуштоо;

Соода жана мамлекеттик сатып алуулар саясатын өзгөртүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;

Ошол эле учурда, жалпы эле бизнеске жолтоо болгон тоскоолдуктарды так аныктоо жана мамлекеттик органдардын катышуусу менен ушул тоскоолдуктарды жоюуга таасир этүү керек.

Аны менен бирге, экономиканын артыкчылыктуу чөйрөлөрүндө мониторинг жана баалоо жүргүзүү зор мааниге ээ.

Баалоонун жыйынтыгы боюнча, Комитет бардык кызыкдар тараптарга сунуштарды бериши зарыл.

Комитеттин иши бизнестин мамлекетке болгон ишеничин жогорулатып, өнүгүүгө реалдуу түрткү берет деп ойлойм.

Урматтуу Комитеттин олтурумунун катышуучулары!

Докладчыларга сөз берүүдөн мурда,  өнөр жай тармагын өнүктүрүү — азыркы учурдун өтө актуалдуу маселесине айланганына кыскача токтоло кетейин.

Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын азыркы учурдагы абалы аябай көйгөйлүү экендигин мойнубузга алышыбыз керек.

Бүгүнкү күнү бул тармактын алдында турган чакырыктар абдан орчундуу.

Дүйнөдөгү технологиялык өнүгүү бизнес чөйрөнүн ылдам өзгөрүшүнө алып келүүдө.

Өнөр жай ишканаларындагы технологиялык процесстер санариптешип, иштөө принциптери ыкчам өзгөрүүдө.

Арзан жумушчу күчтүн ордуна жогорку квалификациясы бар адистерге басым жасалып, өндүрүлгөн продукция керектөөчүлөрдүн жеке талабына жараша чыгарылууда.

Санарип технологияларды киргизүүнүн  эсебинен  экономиканын структурасы өзгөрүп, жаңы товарлар гана эмес, таптакыр жаңы экономиканын тармактары пайда болууда.

Электрондук соода жана акылдуу логистика аркылуу чыгарылган продукциянын наркы кыйла төмөндөөдө.

Жаңы композиттик материалдарды колдонуу аркылуу    арзан жана жогорку сапаттуу продукцияны чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болууда.

Дүйнөдөгү алдынкы компаниялар өндүрүш тармагына гана эмес, изилдөө жана технологияларды иштеп чыгаруу тармагына да басым жасоодо.

Эл аралык деңгээлдеги өнөр жай компаниялары өздөрүнүн өндүрүшүн инновацияларга жана илимий изилдөөлөргө ачык, жагымдуу шарт түзүп берген  өлкөлөрдө жайгаштырууда.

Бул жагдайлар глобалдык деңгээлде гана эмес,   регионалдык деңгээлде дагы конкуренцияны күчөтүүдө.

Кыргызстан ЕврАзЭСке мүчө катары киргенден баштап бизнестин конкурентүүлүгүнө өзгөчө маани берилүүдө.

Өндүрүлгөн продукцияны ЕврАзЭСтин техникалык регламенттерине дал келтирүү иштери уланууда.

Жаңы талаптарга ылайык товарларды маркирлөө жана көзөмөлдөө системаларын киргизүү боюнча иш жүрүп жатат.

Ишкерлерибиз ЕврАзЭСтин товар өндүрүүчүлөрү менен кооперация түзүп, теӊ ата болуп иштөөгө тийиш. 

Аталган чакырыктарга жооп берүү үчүн,  мамлекеттин негизги милдети — бул өнөр жай тармагынын конкуренттүүлүгүн кескин түрдө күчөтүү керек деп эсептейм.

Негизги аракет — өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын азайтууга жана өндүрүш ишканаларына инновацияларды тартууга жумшалышы абзел.

Мындан тышкары келечектеги чакырыктардын бири — бул Кумтөрдө алтынды казып алуунун азайышы күтүлүүдө.

Кумтөрдү эске албаганда, мамлекеттик бюджетке тоо-кен тармагындагы ишканалардан түшкөн киреше болгону 2 млрд сомдон ашпайт.

Демек, өнөр жайдын дээрлик жарымына барабар болгон көлөмдү башка өндүрүштөр менен ордун толуктоо маселеси турат.

Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан тобокелчиликти азайтуу үчүн —  өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл деп эсептейм.

Бүгүнкү күндө, өнөр жайдын абалы алтынды өндүрүүгө жана экспорттоого көз каранды болуп калды.

Алтын казуудагы өзгөрүүлөр, мисалы, алтынга болгон баа, өндүрүү технологиялары, саясий процесстер, табигый катаклизмдер — биздин өнөр жайды дароо артка тартат.

Ошондуктан Өкмөт,  өлкөнү алтын казуудан түздөн түз көз каранды болуп калуу тобокелдигинен арылта турган концепцияга өтүүсү керек.

Жалпы эле өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл.

Ресурстар чектелген шарттарда мамлекет өнөр жайдын бардык тармактарына бир убакта бирдей өлчөмдө колдоо көрсөтө албайт.

Ошондуктан келечектеги приоритеттерди так аныктап, мамлекет кайсы тармактарга жана кантип жардам берерин тактап алышыбыз керек.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө технологиялык парктарды жана өнөр жай зоналарын киргизүү механизмдери эффективдүүлүгүн көргөзүүдө.

Анткени бул ыкма заманбап инфраструктурага кошулууну гана эмес, жалпысынан ишканалардын потенциалын жогорулатат.

Биз өнөр жай тармагындагы азыркы потенциалды максималдуу түрдө колдонуубуз зарыл.

Өлкөбүздүн өнүгүшүндө салттуу түрдө зор мааниге ээ болгон жеңил өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу өнөр жайдын тармактары бар.

Бул багыттар калкты жумушчу орун жана киреше менен камсыз кылган тармактарга кирет.

Аталган тармактарды өнүктүрүү — айыл чарба, курулуш, соода-сатык, билим берүү сыяктуу тармактардын өнүгүүсүнө да түрткү берет. 

Бул тармактар өзүнүн салыштырмалуу төмөн капитал сыйымдуулугу менен өзгөчөлөнөт. 

Башкача айтканда, эгер биз бул тармактарга мамлекеттик колдоо көрсөтсөк, каржыланган ар бир сомдон көп эселенген жакшы натыйжа ала алабыз.

Бул тармактарды кыска мөөнөттө өнүктүрүүдөгү башкы талап болуп — өзү менен кошо сатуу рынокторун, жаңы технологияларды алып келип, келечекте өзүбүздүн өнөр жай потенциалыбызды түзүүгө жардам бере турган инвесторлорду тартуу болуп эсептелет.

ЕврАзЭС гана эмес, Кытайдын, Индиянын, Пакистандын, Ирандын эбегейсиз рыногуна мөмө-жемиштерди, сүттү, балды экспорттоо мүмкүндүгү жаралды.

Тери менен жүндү кайра иштетүү боюнча долбоорлорду приоритет катары карап жатабыз.

Ошондуктан, Өкмөттүн башкы милдети — инвесторго Кыргызстанда пайда табуу мүмкүнчүлүгү жана өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү болушу керек.

Өнөр жай өндүрүшүнүн жаңы деңгээлине өтүү менен бирге, азыркы күндө Статистика комитетинин маалыматы боюнча дээрлик 24 пайызды, ал эми эксперттердин баалоосунда 29 пайызды түзгөн көмүскө экономиканы мыйзам жолуна түшүрө алабыз.

Биз айыл чарба продукцияларын тереңирээк кайра иштетүүнү камсыз кылган инвесторлорду тартышыбыз керек.

Келечекте жеңил жана тамак-аш өнөр жайы айыл чарба менен көмүскө тармактардагы ашыкча адам ресурстарын өзүнө „сиңире“ турган жана динамикалуу өсө турган тармактардан болот».

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-mamleket-biznestin-realduu-nktsh-bolushuna-araket-zhasoo-zaryl



Добавить комментарий