Президент Бакуга сапар тартты. Делегацияда дагы кимдер бар?
Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Баку шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин кезектеги жетинчи жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.
Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Азербайжан өлкөсүнө өтөт. Президент Сооронбай Жээнбековдун ТТМКК жыйынына катышуусунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Экономика министри Санжар Муканбетов, Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана Маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов бар.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-bakuga-sapar-tartty-delegaciyada-dagy-kimder-bar
Добавить комментарий ×