Президент: Бактылуу бала бактылуу үй-бүлөдө гана өсөт

25 июня 2019 10:30 1175 Barometr
Поделиться в:
ok

«Балдардын гармониялуу өнүгүүсү —  мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумда.Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Урматтуу Улуттук форумдун катышуучулары!

Урматтуу  Рената Винтер айым!

Урматтуу коноктор!

Ушул жылдын ноябрь айында Баланын укугу жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясы кабыл алынганына 30 жыл толот.

Бүгүн ушул юбилейге арналган Улуттук форумга чогулуп олтурабыз.

Форумдун бардык катышуучуларын бул эл аралык маанилүү окуя менен куттуктайм.

Бириккен Улуттар Уюму 1948-жылы кабыл алган Адам укугунун жалпы декларациясында:  балдар өзгөчө камкордуктун жана жардамдын объектиси болушу керек деп белгиленген.

30 жыл мурда глобалдуу деңгээлде Баланын укугу жөнүндө конвенция кабыл алынган.

Анда баланын кызыкчылыктарын татыктуу  камсыз кылуу принциби каралган.

Конвенция балдар ата-энеси тарабынан да, мамлекет тарабынан да өзгөчө камкордукка дайыма муктаж экенин белгилейт.

Быйыл Кыргызстандын Баланын укугу жөнүндө конвенцияга кошулгандыгына 25 жыл толот.

Конвенцияда белгиленген баланын укугу, анын толук жана гармониялуу өнүгүүсүн эң мыкты камсыз кылуу принциптери — биздин коомдун тарыхый кыртышына туура келип,  Кыргыз Республикасы тарабынан  толугу менен колдоо тапкан.

Биз илгертен эле балага карата болгон баалуулуктарды аздектеген коом болуп келгенбиз.

Ата-бабаларыбыз балдарды бапестеп, кийинки муунду чоӊ камкордук менен өстүргөн.

Кыргызстандын балдарды коргоо боюнча азыркы учурдагы көрсөткүчтөрү да жаман эмес.

Бириккен Улуттар Уюму белгилеген — Миӊ жылдыктын өнүгүү максаттарынын бири —  балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири.

Кичинекей балдардын өнүгүү көрсөткүчү 72 пайыздан ашты.

Мектепке чейин, 5 жаштан ылдый окутулуп жаткан балдардын саны 64 пайызды түздү.

Мектепке кирүү алдындагы билим 91 пайыз балдар үчүн жеткиликтүү болуп калды.

Биздин өлкөдө балдардын укуктук негиздери жетиштүү деӊгээлде камсыз болгон.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери үй-бүлөнү жана балдарды коргоонун атайын кепилдиктерин карайт.

Эч ким жынысы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, жаш курагы, саясий ынанымдары, билими, мүлктүк же башка абалына карата басмырлоого алынышы мүмкүн эмес экендиги каралган.

Балдардын ар бири — дене боюнун, акыл-эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл жашоо деңгээлине укуктуу.

2006-жылы Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп балдар жөнүндө кодексти кабыл алган.

Кодекс балдардын укугун бекемдеп, балдарды коргоого мүмкүнчүлүк берген принциптерди жана механизмдерди түздү.

Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдеттери кодексте так аныкталды.

Бирок, ага карабай, айрым кемчиликтер орун алууда.

Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок.

Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр  жетишсиз экени белгилүү.

Социалдык коргоо, асыроо, камкордук жана көзөмөлчүлүк системасында кемчиликтер жана коррупциялык элементтер дале жоюла элек.

Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө.

Тарыхы, ата-бабалардын улуу жолу мындай көрүнүштү жериген коом, гуманисттик дөөлөтөрдү карманган өлкө катары —  кырдаалды жакшыртуу үчүн, кескин чараларды көрүүбүз абзел.

Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар, мамлекеттик эмес уюмдар, жалпы коомчулук жапа тырмак киришип,  бул жагдайды өзгөртүүбүз зарыл.

Буларга кошумча, биз ички мамлекеттик саясатыбызда өзгөчө эске алуучу дагы үч чакырык бар.

Биринчи: 2030-жылдан баштап Кыргызстанда калктын  картаюсу башталат, башкача айтканда улгайгандардын саны 10 пайыздан аша баштайт.

Ошол эле убакта 18 жашка чейинки балдардын саны азыркы 33 пайыздан азайып, 29 пайызга чейин төмөндөйт.

Экинчи: Биз региондогу эмгек өндүрүрүмдүүлүгү эӊ төмөн өлкө болуп жатабыз. Төмөнкү квалификацилуу адамдар талап кылынган экономиканын структурасы — бул 30 жыл мурдагы саясаттын кесепети.

Үчүнчү, Келе жаткан санарип жана инновациялык технологиялардын заманы жогорку квалификациялуу кызматкерлерди талап кылат.

Бирок, бүгүн 7 жаштан 14 жашка чейинки балдардын ичинен 51 пайызы гана эсептөө жөндөмүнө ээ болушкан.

Бул чакырыктарга туруштук берүү үчүн өлкөбүздө төмөнкү иш-чаралардын комплекси аткарылат.

Балдардын саламаттыгы, эрте жашында өнүгүүсү, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты — абдан маанилүү багыттар.

Эртеӊки күндүн талабына жооп берген инновациялык мектептер жана программалар ишке кирет.

Ушул багытка инвестиция тарткан бардык тараптарды колдойбуз.

Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын тагдыры, алардын укуктарын коргоо жана адамдык кадыр-баркын сактоо — мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктары.

Турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо, анын ичинде зордук-зомбулуктан сактоо, өспүрүмдөрдү коомго интеграциялоо —  Өкмөт жана жергиликтүү бийликтин негизги милдети.

Урматтуу катышуучулар!

Жыйынтыктап айтканда, балдардын гармониялуу өнүгүүсү —  мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат.Балдардын укуктарын коргоо, аларды  камкордукка бөлөп, коомго пайдалуу инсан болуп калыптанышы үчүн шарттарды түзүү, — ата-эненин гана эмес, мамлекеттин, жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун иши, милдети, парзы.

Кыргызстандын Өкмөтү балдардын өнүгүүсү, үй-бүлөсүнүн материалдык абалын жакшыртуу, аларга социалдык колдоо көрсөтүү жана коргоо үчүн татыктуу шарттарды мындан ары да бекемдейт.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиясында адамды өнүктүрүү, анын потенциалын ачуу — негизги приоритет катары каралган.

Бул стратегиянын приоритеттери — Бириккен Улуттар Уюмунун Глобалдык Күн тартибинин бардык талаптарына дал келет.

Стратегияны ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөрдү камсыз кылуу Өкмөттүн милдети:

— саламаттыкты сактоонун, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана жогорку технологиялуу медицинаны жайылтуу;

— мектепке чейинки жана мектепте билим алуунун жеткиликтүүлүгүн толук камсыз кылуу;

— бардыгына теӊ социалдык коргоонун минималдуу стандарттарына кепилдик берген социалдык колдоо системасын түзүү.

Баланын эрте өнүгүүсү, анын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, балдар үчүн Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү — бардык бийлик бутактарынын, жергиликтүү бийликтин, коомдук уюмдардын артыкчылыктуу милдеттери болуп кала берет.

Кыргызстанда ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу.

Бактылуу бала бактылуу үй-бүлөдө гана өсөт.

Ошондуктан биздин өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөө — артыкчылыктуу багыт.

Жогорудагы максаттарды кеӊири коомчулукка жеткирүү үчүн ушул жылдын 1-июнунан тартып старт алган „ТУМАР“ улуттук кампаниясын биз колдоого алдык.

Урматтуу катышуучулар!

Балдар — мамлекетибиздин келечеги, биз алардын көңүлү куунак, ден соолугу чың, билимдүү жана руханий жактан өнүккөн адам болуп өсүп жетилишине бардык күчүбүздү жумшоого тийишпиз.

Бүгүнкү форумда балдарды коргоо боюнча актуалдуу, зарыл маселелер ачык талкууланат жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдору сунушталат деп ишенем.

Форумдун бардык катышуучуларына чыгармачыл ийгиликтерди, үзүрлүү, натыйжалуу иштерди каалайм!

Жараткан Кудай колдоп, элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун!

Кыргызстандагы ар бир бала бактылуу болсун!»

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-baktyluu-bala-baktyluu-j-bld-gana-st



Добавить комментарий