Премьер-министр иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

4 августа 2018 22:00 2009 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-августта, жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди. 

 Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Токтогул ГЭСин жана Камбар-Ата 2-ГЭСин калыбына келтирүү жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, ошондой эле Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барат.

 Ошону менен бирге премьер-министр дыйкандар менен жолугушуп, Бишкек-Ош жолунун тилкесин көрө кетет. Мындан сырткары  Б.Рысбеков атындагы оорукананын медициналык кызматкерлери үчүн салынып, учурда куруу иштери токтоп турган турак үйдүн абалы менен таанышат.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-ish-sapary-menen-zhalal-abad-oblusuna-barat



Добавить комментарий