Премьер-министр: биринчиден тартипти сакташ керек!
12-мартта Сауд Аравиясынан умрада жүргөн 144 адам Шаржа – Бишкек аба каттамы боюнча учуп келген. Медициналык тестирлөө жыйынтыгында алардын ичинен 3 адамга коронавирус илдети жукканы аныкталды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Өкмөттүн коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулуп жатканда билдирди. Жыйынга Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.
Премьер-министр Өкмөттүн алдында коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, жугуштуу илдеттин алдын алуу жаатында бир катар иштиктүү чаралар колго алынганын баса белгиледи.
«Биз буга чейин чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды алып келүү, алар үчүн медициналык кароо жайларын түзүү, илдетке шектүү адамдарды обсервацияда кармоо, жумуштары жасалды. Азыр карантинде 386 киши бар», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министрдин айтымында, азыр коронавирус илдетинин жайылышы боюнча 1-категорияга кирген өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстан аймагына келишине тыюу салынды. Ал эми коронавирус илдетине чалдыккан адамдар келген Сауд Аравиясы 3-категориядагы өлкөлөрдүн катарына кирет.
«Биздин 3 жарандын илдетке чалдыгышы күтүүсүз деле болгон жок. Алар тесттерден өткөрүлүп, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө турган. Дарты аныкталгандан кийин, алар менен катнашта болгон адамдар дагы көзөмөлгө алынууда», - деди ал.
Андан тышкары, өкмөт башчы азыркы учурда Өкмөт, ага караштуу мамлекеттик органдар менен мекемелер күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп, калкты тийиштүү дары-дармектер жана атайын жабдыктар менен камсыз кылуу, күнүмдүк керектелчү азык-түлүктөрдү даярдоо жана алардын жетиштүү корун түзүү чаралары көрүлүп, калк арасында коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Коронавирус илдетинин алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Биринчиден, тартипти сакташ керек! Экинчиден, адистердин кеңешин угуш керек! Үчүнчүдөн, өзүнүн ден-соолугуна кам көрүшү керек!»,- деп коушмчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-birinchiden-tartipti-saktash-kerek
Добавить комментарий ×