Польшага эл аралык мелдешке барган Айпери Медет кызы килемге чыкпай калды. Себеби

7 ноября 2020 19:44 2573 Barometr
Поделиться в:
ok

Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы эл аралык мелдеште килемге чыкпай калды. Бул тууралуу кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековдун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кыргызстандан барган курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Poland Open 2020 эл аралык мелдешинде килемге чыкпаганы маалым болду. Бул чечим спортчунун ден-соолугуна байланыштуу кабыл алынган.

“Пандемия учурундагы биринчи эл аралык мелдеш Польша мамлекетинде өтүп жатат. Бул мелдешке катышуудан тышкары Россия, Турция мамлекеттеринин кыз-келиндер курама командалары менен бирге окуу-машыгуу жыйындары болуп жатат. Буюрса алдыда чоң пландар турат. Кыргызстан курама командасын эл аралык лицензиялык мелдештерге, Олимп оюдарына жогорку деңгээлде даярдоо максатында тажырыйба алмашуу, кошумча окуулар болуп жатат”, - деди кыздардын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков.

Эскерте кетсек, спортчулар 9-ноябрдан 16-ноябрга чейин Спала (Польша) шаарындагы «Олимп Центр» спорт базасында эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандан барган курама  команда Poland Open2020 эл аралык мелдешине катышууда. Кыргызстандан барган балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын медалды багындырган.

Ссылка: https://barometr.kg/polshaga-el-aralyk-meldeshke-bargan-ajperi-medet-kyzy-kilemge-chykpaj-kaldy-sebebi



Добавить комментарий