Пневмонияга чалдыккан Чыныбай Турсунбековдун абалы туруктуу
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун абалы оор деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу «Барометрге» тастыктады.
Буга чейин интернет айдыңында ЖКнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун абалы оор бойдон калууда деген маалымат тараган. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы төгүндөдү.
«Азыр эле жубайы менен сүйлөштүм. Кан басымы, температурасы, сатурациясы - баары жакшы. Үй-бүлөсү менен сүйлөшүп атат. Доктурлардын айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана стабилдүү», - деди Ибраим Нуракун уулу.
Ошондой эле Турсунбековдун коронавируска берген тести таза чыкканын, алдын ала диагнозу пневмония экенин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/pnevmoniyaga-chaldykkan-chynybaj-tursunbekovdun-abaly-turuktuu
Добавить комментарий ×