Планетадагы эң сейрек кездешчү клубника түстүү кабылан Индияда пайда болду

13 ноября 2021 14:32 2009 Barometr
Поделиться в:
ok

Өтө эле сейрек кездешкен күлгүн кызгыл же кулпунай түспөлдөнгөн кабылан Индиянын Раджастан штатында байкалды. Бул тууралуу Times Of India булагына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Басылма удайпурлук зоопарктын активистти жана фотограф Хиташу Мотвани кулпунай кабыланды фотоаппаратына тартып алууга үлгүргөнүн зор сыймыктануу менен жазып чыкты.

Анткени бул жаныбар планетада өтө эле сейрек кездешкен жырткыч болуп саналат.

Анын өзгөчөлүгү терисиндеги тактар кызгылт же күлгүн кызыл түстө болгонунда.

Кулпунай түстүү кабылан алгачкы ирет 2012-жылы Африкада пайда болгондон кийин өзгөчө түр катары катталган.Экинчи ирет мындай жаныбарды 2019-жылы Түштүк Африкада гана көрүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/planetadagy-e-sejrek-kezdeshch-klubnika-tst-kabylan-indiyada-pajda-boldu



Добавить комментарий