Пирматов: Тажикстан менен чек ара маселесинде айрым аткаминердин бизнесинен мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө туруш керек!
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов чек ара маселесин чечүү боюнча өзүнүн планын сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазып, Тажикстанга Кыргызстан аркылуу өткөн контрабанданын жолун бууп салууну сунуштайт.
“Чек- ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу - делимитация, демаркация процессин баштап бүтүрүү. Бул Кыргызстан жана Тажикстан Өкмөттөр аралык комиссиянын жумушу жана анын гана компетенциясы. Ушул комиссиянын гана чечимдери юридикалык күчкө ээ. Тилекке каршы, тажик Өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү сөзгө келбей, бизге тап-такыр туура келбеген шарттарды айтып, компромисске келүү абдан татаал болууда. Түзүлгөн жагдайда болгон рычагдарды колдонбоо - өтө туура эмес жана жада калса кылмыш деп эсептейм! Ал рычагдардын эң негизгиси - Баткен областы аркылуу Тажикстанга транзит менен өтүп жаткан тонналаган контрабанданы бууп салуу! Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап, демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө туруш керек! Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга -тез арада эрки жетет деп ниеттенели”, - дейт депутат.
Добавить комментарий ×