Пермде ок чыгарган студенттин буту ампутацияланды, абалы өтө оор
Пермь мамлекеттик илимий изилдөө университетинде жарандарга кол салууга шектелген суденттин абалы өтө оор. Бул тууралуу Пермь крайынын саламаттыкты сактоо министри Анастасия Крутень билдиргенин РБК булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
“21-сентябрда кечинде анын сол буту тизеден ылдый ампутацияланды, абалы туруксуз жана өтө оор”,-деп айтты министр айым.
Калган 11 адам учурда Пермдеги станционарда дарыланышууда, абалдары канааттандырарлык.
Жалпысынан Пермде болгон аткылоодон жабыр тарткандардын саны 43 адамга чейин жеткенин Крутень белгилеп өттү.
Эскерте кетсек, аталган окуу жайда 20-сентябрда 18 жаштагы студент Тимур Бекмансуров элге карата ок аткан. Алты адам каза тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/permde-ok-chygargan-studenttin-butu-amputaciyalandy-abaly-t-oor
Добавить комментарий ×