Парламенттин тармактык комитети Башкы прокурордун былтыркы жасаган иши боюнча отчетту колдоду

19 мая 2020 15:32 506 Barometr
Поделиться в:
ok

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында 2019-жылдагы Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчетун карады.

Жыйында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Жыргалбек Турускулов кыргызстандыктарды өлкөгө экстрадициялоо маселесин көтөрсө, депутат Мирлан Бакиров жерлерди жана жер казынасын пайдалануу багытындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөгө чакырды. Ал эми депутат Курманкул Зулушев отчеттун форматын өзгөртүү маселесине токтолуп, маалыматтарды мурдагы жылга салыштыруу менен гана чектелбей, абалга анализ жасоо зарылчылыгын кошумчалады. Мындан тышкары эл өкүлү иштерди кароонун мөөнөтүн так аныктоо маселесин көтөрүп, айрым иштер жылдап каралбай калып жатканын мисал кылды.

Депутат Таабалды Тиллаев болсо прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо зарылчылыгын белгиледи. Ошондой эле депутат Аида Касымалиева үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар көбөйгөнүн билдирип, абалга көзөмөлдү күчөтүү сунушун берди

Депутат Мыктыбек Абдылдаев иликтөө жана ыкчам-издөө иштери боюнча укук коргоо органдарынын үстүнөн прокурордук көзөмөлдүн натыйжалуулугун арттыруу маселесине токтолсо, депутаттар Аалы Карашев менен Иса Өмүркулов ишкерлер менен өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо керектигин кошумчалашты.

Талкуу соңунда тармактык комитет Башкы прокурордун отчетун колдоду.

Ссылка: https://barometr.kg/parlamenttin-tarmaktyk-komiteti-bashky-prokurordun-byltyrky-zhasagan-ishi-boyuncha-otchettu-koldodu



Добавить комментарий