Парламентте ЖЭБ чуусу боюнча өкмөттөн, УКМКдан маалымдама угуу сунушталды
ЖЭБ тууралуу өкмөттөн жана тиешелүү органдардан эмне болуп жаткандыгы тууралуу маалымдаманы угуу сунушталды. Парламенттин бүгүнкү 7-февралда өтүп жаткан жалпы жыйынында депутаттар бул боюнча төрагага кайрылышты.
"ЖЭБ тууралуу ушул жерде көптөн бери талкуу болгон. Бул маселе каралып, тиешелүү документтер, тапшырмалар өкмөткө, УКМКга берилген. Ошол бойдон тып-тынч болуп эле эмне болуп жатканын билбей тынчып калдык. Кийинки окууларда ЖЭБ чуусу боюнча эмнелер болуп жаткандыгын угалы, буга тиешелүүлөр парламентке келип маалымат берсин, протоколдук тапшырма берсениздер, биз сунуш киргизели"-дешти.
Төрага Дастан Жумабеков ЖЭБ боюнча сунуш эске алынаарын айтты.
Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Күн тартип боюнча жыйында 10 маселе каралат. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга, Эреже бузуу жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланат.
Ссылка: https://barometr.kg/parlamentte-zheb-chuusu-boyuncha-kmttn-ukmkdan-maalymdama-uguu-sunushtaldy
Добавить комментарий ×