Паракорчулук менен шектелген экс-мэр Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин камакта болот
Поделиться в:
Паракорчулук менен шектелген экс-мэр Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин камакта болот.
Кече, 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовко карата 28-июнга чейин камакта болуу чечимин чыгарды. Камакка алынган Кулматов мындай аракетти мыйзамсыз деп сыпаттайт. Анын адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында анын жактоочусуна карата кабыл алынган бул иш чара Кулматовдун мурда Россия жараны болгондугу менен негизделет. Эске салсак, кече 5-июнда Кулматов телефон аркылуу УКМКга шашылыш чакырылып, ага карата КР Кылмыш кодексинин 303 беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык “Паракорчулук” менен айыпталып жаткандыгын билдиришкен.
Добавить комментарий ×