Панфилов районунда денесинде жаракаттары бар 2 жашар бала көз жумду

8 декабря 2018 10:43 982 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

 2018-жылдын 28-ноябрында  2016-жылы туулган Х. О. аттуу 2 жашар бала эс учун билбеген абалда ооруканага түшүп каза болгондугу тууралуу Панфилов райондук ИИБине маалымат келип түшкөн. 

Окуя болгон жерге тездик менен иликтөөчү ыкчам топ барган, ал жактан Панфилов районуна караштуу Кайыңды айылынын 32 жаштагы тургуну Э. С. сурак берген. Ал баланын кулап кеткендиги тууралуу айткан.  

Сурак иштеринен кийин  жашы жете элек баланын энеси баласын курбусуна калтырып, өзү Орусияга жумуш иштегени кеткендиги маалым болду. 

Бул окуя тууралуу иликтөө иштери улантылууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/panfilov-rajonunda-denesinde-zharakattary-bar-2-zhashar-bala-kz-zhumdu-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий