Панфилов паркындагы аттракциондон кулап кеткен кыздын абалы туруктуу
Поделиться в:
Панфилов паркында аттракциондон кулап кеткен кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
“1992-жылы туулган кыз Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөо борборунун нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган. Ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлду. Учурда абалы туруктуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат”,- деп айтылат маалыматта.
Окуя 21-мартта Панфилов паркында болгон, кыз аттракциондон кулап кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/panfilov-parkyndagy-attrakciondon-kulap-ketken-kyzdyn-abaly-turuktuu
Добавить комментарий ×