Пакистандык студент күндүзгү стационарга жумушка алынды
Эл аралык жогорку медициналык мектептин бешинчи курсунун студенти Аббас Али Шах дарыгерлерге жардам көрсөтүүнү каалаганын билдирип, бүгүн ал жумушка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Пакистандык Аббас Али аттуу студент, кыйын кырдаалда ооруканага барып кесиптештерине жардам берүүнү чечкен. Ошондой эле, ал бекер иштөөгө даяр экенин билдирген.
«Кыргызстанда дарыгерлер аз экенин билем. Эгерде мага иштөөгө уруксат беришсе, мен акы албай иштеп берем. Кыргызстан - менин экинчи мекеним. Оор кырдаалда жардам бергим келди», - деп билдирген Аббас Али.
Учурда ал № 95 орто мектептин күндүзгү медициналык борборуна жумушка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/pakistandyk-student-kndzg-stacionarga-zhumushka-alyndy
Добавить комментарий ×