Пакистандан мыйзамсыз мандариндерди ташып келе жаткан адам кармалды

4 февраля 2019 11:38 1224 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Пакистандан мыйзамсыз 18миң килограмм мандариндерди ташып келе жаткан адам кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти. 

 ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айлында ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз товар ташууга шектелип Кыргыз Республикасынын жараны А.С.Снын башкаруусундагы “ВОЛЬВО FH12” жүк ташуучу унаа “ДАПА” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп “Ыкчам” бажынын кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган.

Жогоруда аталган автотранспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары ЕАЭБтин аймагына бажыга тийиштүү документтери жок, Пакистанда өндүрүлгөн “ARSHAD” маркасындагы жыгач үкөктөргө салынган 2000 үкөк “мандарин” табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 18000кг жана орточо базар баасы 720 000 сомду түзөт-деп жазылган маалыматта. 

 Бул факт боюнча чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/pakistandan-myjzamsyz-mandarinderdi-tashyp-kele-zhatkan-adam-karmaldy



Добавить комментарий