Эмне үчүн кызматкерлер жумуштан бошогусу келет? 12 себеп
Жакшы кызматкерлердин бирин жоготуу-компания үчүн сокку болору анык, анын ордун башка адис менен алмаштыруу көп машакатты талап кылат. Мисалы анын ордун убактылуу болсо дагы башка жумушчуга жүктөйсүз, татыктуу талапкер болгончо, жаңы адамды үйрөтүп чыкканча көп убакыт жана мээнет талап кылынат. Иш билги жетекчи болом десеңиз жамаатта мыкты менеджер дагы болушуңуз керек.Төмөндө barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен компаниядан же жумушчу ордунан бошонууга адамдарды психологиялык жактан эмне түртө турганын билип алууну сунуштайт.
1. Жетекчи менен байланыштын жоктугу
Кол алдындагы жумушчу менен достошуп, же майрамдарда чогуу болуп ичимдик ичип, жеке маалыматыңызды бөлүшүңүз дегенден алыспыз. Бирок жамаатта ар бир адам менен жетекчи баарлашып, алардын ийлигиктерин белгилеп, кесипкөйлүгүн жогорулатууга жардам берип турушу кажет.
2. Жумуш менен жеке жашоосунун жана убактысынын дал келбей жатышы
Жумуш менен жеке жашоосундагы балансты кармап туруу кызматкерлерди кармап туруунун эң эффективдүү ыкмасы. Бул кызматкердин эмоционалдык, физикалык жактан ашыкча күч келүүсүнөн сактап, “батарейкасын” убагында кайра “заряддап” турууга мүмкүндүк берет. Бир дагы кызматкер ооруп калган учурда айып пул салган же суранган учурда уруксат бербей катуу иштеткен компанияда калгысы келбейт.Ал тургай компаниядагы ишин сүйгөн кызматкер дагы жеке милдеттерин аткара ала турган ийкемдүү эмгекке муктаж болот.
3. Ашыкча күч келүү менен иштөө
Жакшы кызматкерлер көп ишти наалыбай эле жасай беришет. Бирок убакыттын өтүшү менен ашыкча күч келүү аларды чарчата баштайт. Мезгил-мезгили менен тыныгуу берип, ашыкча чыңалуудан жумушчуну куткарсаңыз болот.
4. Сыйлоонун жоктугу
Киреше, мыкты сервис, жогору ишмердүүлүк... Мунун баары албетте компаниянын ийгилиги үчүн зарыл, бирок дагы башка урунттуу учурлар болот. Кызматкерлер унчукпай эле дөңгөлөктү тегерете берген хомяк болугулары келбейт. Алар сиздин сыйлооңузга, убагында айлык төлөөңүзгө, жалпы ишке кошкон салымыңызды баалап турууга муктаж.
6. Зериктирме, бир беткей жумуш
Күнү бою бир гана ишти жасай берген команда мүчөлөрү жумушка карата кызыгуусун тез жоготот. Командага ар кандай жаңы идеяларды киргизип ишке ашырып туруу дагы мыкты жетекчинин милдети болуп саналат.
7. Кесиптик жактан өспөй калуу
Бир эле ишти ондогон жылдар бою жасоонун өзү адамды абдан чарчатат.Өз ишин жакшы аткарган кызматкерлер жаңы бир нерселерди үйрөнүп турганга муктаж.
8. Эч кандай укпай коюу
Эгерде кол алдыңыздагылар тигил же бул тапшырманы аткарууда кыйынчылыкка кабылып, же кесиптеши менен чатакташып, же үйүндө маселе келип чыгып жатса жетекчи аны уга билип, туура кеңеш берип көмөктөшүү керек. Аларды укпай коюу менен кадрлар кетип калып жатышынын ортосунда тыгыз байланыш бар экенин эске алыңыз. Эсиңизде болсун, түшүнүктүү жетекчидеп көпчүлүк кызматкерлер кетпейт.
9. Жамааттагы начар атмосфера
Ушак-айың, чатактар, кесиптешин басынтуу, бири-бирин артынан жамандап сөз жеткирүү -мунун баары жемиштүү иштөөгө тоскоол боло турган жагдайлар.Жетекчи катары сиз мындай маселелери убагында чечип, чара колдонуп калышыңыз керек. Ар бир чатактын маанисине терең кирип, аларды угуңуз, башкы интрига уюштуруучуларды таап алар менен иштешүүгө аракет кылып көрүңүз, ошондо дагы болбосо аларды эч аянбай туруп жумуштан кетириңиз.
10. Каржылык жактан туруксуздук
Эгерде сатуунун деңгээли төмөндөп жатса, айлыктар кечиктириле баштаса, башка жумушчулар массалык түрдө бошой башташса, ал эми эң жаман жери ушул маалда жумуш берүүчү жагдайды түшүндүрбөсө, көпчүлүк жакшы кызматкерлер өз каалоолору менен жумуштан кетүүгө даяр болуп калышат.Ар бир адам өзүнүн каржылык жактан туруктуу болуусун ойлойт.
Кол алдындагыларга бул тууралуу ачык айтыңыз. Компаниянын иши анча жакшы эмес болуп жатканын түшүндүрүп, кризиске каршы планды тез арада жумушчуларга жарыялаңыз.
11. Жумушчунун максаттарынын өзгөрүшү
Жумушчу өзүнүн ишмердигин өзгөрткүсү келсе бул кадырэсе көрүнүш.Мындай жумушчуларды убагында кое бергениңиз оң. Алар сиздин компаниядан же жумуш ордуңуздан дагы башка нерсеге умтулуп жатса демек ал пландарын акыры баары бир ишке ашырмайын тынчтанышпайт.
12. Айлык акы
Акча баарын чечпесе дагы, өтө көп нерсени чечет. Эгерде сиздин кызматкериңиз айлык маселесине келгенде маселе чыгара берсе ал акыры бир күн кете турган кызматкер деп билиңиз.Анткени анын үй-бүлөсүнүн экономикалык жагдайы сизден түздөн-түз көз каранды.Эгерде сиз айлыктарды убагында бере албай калсаңыз, анын жашоосундагы көп нерселер дагы убагында ишке ашпай каларын эске алыңыз! Бул болсо жумушчунун ишке карата мотивациясын жоготот.
Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-kyzmatkerler-zhumushtan-boshogusu-kelet-20-sebep
Добавить комментарий ×