Ошто жер титирөө катталды

16 января 2019 10:04 1057 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ош облусунун аймагында бүгүн 16-январда эртең мененки саат  06:29да күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

 Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Өзгөн районунун Чимбай, Кароол жана Мырза-Арык айылдарында  3 баллга, ал эми Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала берилген маалыматка караганда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий