Ошто ыктыярчылар кислород концентратору менен акысыз жардамдашууда (Видео)

20 июля 2020 11:50 1992 Barometr
Поделиться в:
ok

«Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду ыктыярдуу жаштар менен биргеликте Ош облусунда кислород жабдыктарын үйгө жеткирип, пневмония менен ооруп жаткандарга жардам көрсөтө баштады. Бул тууралуу аталган фондко шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун үй-бүлөлүк «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундарына пневмонияга кабылып, кошумча дем алууга муктаж жарандарга көмөк көрсөтөөрүн айтты.

«Пневмония оорусуна чалдыгып, кошумча дем алдырууга муктаж болгон Ош облусу жана Ош шаарындагы бейтаптарга Матраимов фондунун көмөгү менен уюшулган волонтерлор тобу кислород жабдыктарын жеткирип, жардам көрсөтөт. “Эс ал” мейманканасынын базасында түзүлгөн волонтерлор 24 саат бою кызматта болот», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн коронавирус жана пневмониянын Ош шаарында - 77, Ош облусунда – 55 жаңы учуру катталды.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-yktyyarchylar-kislorod-koncentratoru-menen-akysyz-zhardamdashuuda-video



Добавить комментарий