Ошто тилемчилик жана селсаяктык кылган 52 өспүрүм кармалды (Сүрөт)

25 августа 2020 10:58 592 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусунун аймагында 19-августтан 21-августуна чейин “Тилемчи” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Ош облусунун аймагында жалпы билим берүү мекемелеринин жайкы эс алуу учурунда окуучулар бош убактысында коомдогу жат көрүнүштөргө аралашып калуусун, ошондой эле селсаяктык жана тилемчилик менен алектенишин, укук бузууларга жана кылмыштуулукка аралашып калууларына бөгөт коюу максатында 19-августтан 21-августуна чейин “Тилемчи” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тилемчилик жана селсаяктык кылган 52 жашы жете электер аныкталып, Ош ОИИБдин ЖУАБна 35 жаш өспүрүм жеткирилди. Алардын ата-энелери жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери алып барылды.

Иш-чарага ИИОнун кызматтарынан жалпысынан - 218 кызматкер жана башка органдардын өкүлдөрүнөн 36 кызматкер катышты.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-tilemchi-atalyshyndagy-aldyn-aluu-ish-charasy-bolup-tt-srt



Добавить комментарий