Ошто эки бир тууган түтүнгө ууланып каза болду

5 декабря 2018 13:17 1257 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Оштогу турак-жайлардын биринде өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен эки бир тууган каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, ӨКМга бүгүн эртең мененки 9дарда кырсык тууралуу маалымат түшкөн. 

Оштогу Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан үйгө барганда куткаруучулар 57 жана 47 жаштагы эки эркек киши түтүнгө ууланып каза болгондугун көрүшкөн. Кийинчерээк алар аялдарынан ажырашкан эки бир тууган экендиги жана ошол үйдө чогуу жашап жаткандыктары белгилүү болгон. 

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-eki-bir-tuugan-ttng-uulanyp-kaza-boldu



Добавить комментарий