Чүйдо базарлар саат үчкө чейин иштеп, жумасына эки жолу жабылат
Чүй облусу жана Ош шаарынын иш тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Анда Чүй облусу боюнча базарлар саат 06.00дөн 15.00гө чейин иштеп, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жабык болот. Соода–сатык пункттары саат 07.00дөн 19.00гө чейин иштешет.
Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 08.00дөн 21.00гө чейин иштөөгө уруксат.
Чүй облусунун райондору жана шаарларынан Бишкек шаарына жүргүнчү ташыган транспорттор иш күндөрү эртең менен жана кечинде жүрүшөт. Ишемби жана жекшемби күнү токтотулат. Тойкана, караоке-клуб жана башка көңүл ачуучу жайлардын кишинин санына карабастан иштөөсүнө тыюу салынат
Ош шаары боюнча иш тартибинин негизинде базарлар дүйшөмбү күнү ишин токтотуп, дезинфекциялоо иштери жүрөт. Соода–сатык пункттары саат 07.00дөн 22.00гө чейин иштөөгө уруксат.
Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 08.00дөн 22.00гө чейин иштешет. Тойкана, караоке-клуб жана компьютердик клубдарга кишинин санына карабастан иштөөсүнө тыюу салынды.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-chjd-bazarlar-djshmb-kn-ishin-toktotup-dezinfekciyaloo-ishteri-zhrt
Добавить комментарий ×