Ошто Ак-Суу суусуна түшүп кеткен "Лексустун" ичиндегилер аман калышты

15 октября 2018 10:00 1061 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

14-октябрда Кадамжайда айдоочу рулду башкара албай  “Лексус РХ-300” үлгүсүндөгү унаа Ак-Суу суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, окуя  14-октябрь күнү саат 22:26да Кадамжай-Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында болгон. Унаанын ичинде 2 эркек адам болгон, алар эч кандай жаракат алган эмес. Жерине куткаруучулар барып, ичиндеги эки адамды суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда алардын абалдары жакшы деп билдирет ӨКМ. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ak-suu-suusuna-tshp-ketken-leksustun-ichindegiler-aman-kalyshty



Добавить комментарий