Ошто 780 миң сомду жана алтын буюмдарды уурдап кеткен адам кармалды

24 августа 2021 17:37 894 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош областынын Араван районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу аймактагы ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, 5-августта райондун тургундары милицияга арыз менен кайрылышып, Анаров айыл аймагындагы үйдөн 780 миң сомду жана алтын буюмдарды уурлап кетишкенин маалымдашкан.

Бул ишке шектүү делип Өзгөн районунун тургуну кармалды. Сурак маалында ал 4-августта саат 11.00дө Анаров айыл аймагынан 720 миң сомду, 60 миң рублди жана 100 миң сом суммасындагы алтын буюмдарды уурдаганын мойнуна алды.  

Учурда шектүү бир айга камакка алынды.Тергөө уланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-780-mi-somdu-zhana-altyn-buyumdardy-uurdap-ketken-adam-karmaldy



Добавить комментарий