Өзгөндө мал уурулукка шектелип, жаш балдар кармалды
Өзгөн районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, 9-март күнү милицияга Өзгөн шаарынын тургуну, 39-жаштагы Н.У арыз менен кайрылган.
"Арыз ээси, 5-марттан 6-мартка караган түнү Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталынын Жаштык көчөсүндө жашаган үйүндөгү мал сарайына белгисиз атуулдар жашыруун түрдө киришип, сарайдын ичинде байланып турган 60 000 сомдук бир баш кара-күрөн түстөгү үч жашар кунажынын уурдап кетишкен.
Эртеси күнү арыз ээси, малдын уурдалганын билип, Өзгөн районунун Красный-Маяк мал базарына барган. Базардан бейтааныш бала кунажынды уурдап алып барган белгисиз атуулдан сатып алып кармап турган жеринен таап алган.
Милициядан Н.У мал сарайында жашыруун түрдө кирип, малды уурдап алып барып, саткан белгисиз атуулду таап анын үстүнөн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Жалпысынан Н.У га 60 миң сом чыгым болгон. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы Өзгөн районунун Заргер айылынын тургуну У. А жана Өзгөн районунун Жаңы-Өзгөн айылынын тургуну 21 жаштагы Б.Ы кармалып, Өзгөн районунун убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы убакта шектүүлөрдүн дагы башка кылмышка тиешеси бар экендиги жөнүндө тергөө амалдары жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-mal-uurulukka-shektelip-zhash-baldar-karmaldy
Добавить комментарий ×