Ош, Жалал-Абад облустары менен Бишкек шаарынын соттору ишин токтотот

27 марта 2020 14:36 1064 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош, Жалал-Абад облустары менен Бишкек шаарынын соттору өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу ишин токтотот. Мындай чечим Гульбара Калиеванын төрагалыгы астында видеоконференция аркылуу өткөн кеңешмеде кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.  

Мындан сырткары Чүй облустук соту менен Чүй райондор аралык соту дагы ишин убактылуу токтотот.  Бул соттордун ишмердүүлүгү  бир жумага токтотулду.  Ошону менен катар эле,  соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлеринин кезектешүү менен иш алып баруусу уюштурулат. 

Ссылка: https://barometr.kg/osh-zhalal-abad-oblustarynyn-zhana-bishkek-shaarynyn-sottoru-zgch-abal-kirgizilgendigine-bajlanyshtuu-z-ishin-toktotot



Добавить комментарий