Ошто медициналык борбор, базарлар дезинфекцияланууда (Сүрөт)

4 июля 2020 10:00 671 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарындагы Ош-Клиник медициналык борборунун имараты залалсыздандырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарынын аймактары дезинфекцияланды.

Тактап айтканда, ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын N109, 85, 12, 13, 29 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы Салиева, Джим көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, балдар ойноочу аянтчалар, “Тешик-Таш» мөмө-жемиш базары, 16 дүкөн, 3 дарыкана, Левел мейманканасы, Ош-Клиник медициналык борборунун имаратынын ичи-сырты толугу менен залалсыздандырылды.

Бул иш-аракеттер КР ӨКМ тарабынан Республиканын бардык аймактарында улантылууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaaryndagy-osh-klinik-medicinalyk-borborunun-imaraty-zalalsyzdandyryldy



Добавить комментарий