Ош шаарында Сирияга согушка кеткен жарандын үйүнөн автоматтын октору жана граната табылды
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, алдын ала алынган оперативдүү маалыматка ылайык Ош шаарына чектеш жайгашкан Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын тургунунун үйүн күбөлөрдүн катышуусу менен тинтүүгө алышкан. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Натыйжада, үйдүн короосунан, атайын бекитилген жеринен ак баштыкча табылып, анын ичинен 1080 даана (цинк кутусунда) Калашников автоматынын 5.45 калибриндеги октору, РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы алынган.
Үй ээси, 1969-жылы туулган Р. Ш. 2015-жылы Сирия мамлекетиндеги согуштук аракеттерге оппозиция тарапта согушуу үчүн бүтүндөй үй бүлөсү менен чыгып кеткендиги буга чейин эле анык болгон. Анын үйү жакын туугандарынын көзөмөлүндө турган. Учурда бул фактынын алкагында куралдардын кайдан келгендигин, кимге таандыгын текшерүү сыяктуу тиешелүү оперативдик иликтөө иштери уланууда. Атайын экспертизалар дайындалды.
Добавить комментарий ×