Ош шаарында окуучу кызды сабаган 16 жаштагы бейбаш кыз камалган жок

26 ноября 2018 18:26 1061 Улукман Бейшеналиев
Поделиться в:
ok

Ош шаарында окуучу кызды сабаган 16 жаштагы бейбаш кыз  убактылуу кармоочу жайга камалган жок. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, жабырлануучу тарап арыз жазуудан баш тарткан. Кыздардын мушташы  боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатат. 

Эске сала кетсек, окуя 21- ноябрда, болжол менен саат 11.00 дѳрдѳ болгон. 

Видеотасмада бети канап, жабырланып жаткан кыз Ош шаарынын мектептеринин биринде окуган 16 жаштагы 11-класстын окуучусу экендиги такталган. 

Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн жашоочусу, ал да 16 жашта. Маалыматка ылайык мурда жаш экендигине карабастан ал эки ирет: уурулук жана бейбаштык боюнча соттолгон. Учурда дагы бир уурулук иши Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каралып жаткан. Апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Отуз-Адыр айылдык аймагына кѳчүп кетишкен. 

Экѳѳнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан Отуз-Адырлык кыздын курбусу, 17 жашта, эч жерде окубайт. Өзүнүн кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда 15 жашынан медреседе окуп, сокур ичеги болуп калгандыгына байланыштуу таштап койгон. Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда жашайт, апасы жалгыз эрезеге жеткирген.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-okuuchu-kyzdy-sabagan-17-zhashtagy-bejbash-ubaktulu-karmoochu-zhajga-kamalgan-zhok



Добавить комментарий