Өз кызына кол көтөргөн милиция кызматкери жоопко тартылат

19 сентября 2019 17:42 2217 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 18-сентябрь күнү жактоочу Айсалкын Карабаеванын “Фейсбук” баракчасына “Өз кызына кордук көрсөткөн милиция кызматери жоопко тартылбай жатат. Бул тууралуу наристенин апасы арызданууда” аталыштагы макала жарыяланган. 

Бул макала жарыяланган мезгилден баштап, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзлгөн.

Жүргүзүлгөн кызматтык иликтөө учурунда төмөндөгүлөр аныкталды:

2019-жылдын 31-май күнү Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн № 8-үйдүн 6-батиринин тургуну,1989-жылы туулган О.Т арыз менен кайрылып, анда 2019-жылдын 31-май күнү саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Мады айылында жолдошу “Р” “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасында кызы, 2017-жылдын 9-май күнү туулган А.Аны эч себепсиз уруп, денесине жараат келтиргендигин билдирип, ага карата чара көрүнү сурангандыгы,аталган арыз Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалыматтврды каттоо журналына( МКЖга) 2019-жылдын 31-май күнү катталып, топтолгон материалдар аймактык караштуулук боюнча А.Султанов атындагы Кара-Суу РИИБге жөнөтүлүп, аталган материал бөлүмдүн Кылмыштарды жана фжоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБРге) Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 66-бер.1-б. Боюнча катталган.

Тергөө учурнада М.А Кара-Суу РИИБде милициянын участкалык уполномоченныйы болуп иштегендиги такталган жана ушул окуя болгон учурда үй бүлөлүк шартына байланыштуу өз арызы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катарынан бошоп кеткендиги белгилүү болгон. Үй бүлөлүк пикир келишпестиктен улам ачууга алдырып ошондой окуяга туш болгондугун билдирген.

Бул факт Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 66-берененин (Денеге залал келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган, тергөө амалдары аяктап сотко жөнөтүлүү алдында турат.

Текшерүү учурунда жарандардын арызынын мөөнөтүндө каралышы боюнча талаптардын аткарылышын текшергенде Ош ОИИБдин жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу адамдары милициянын подполковниги Ж. С. жана милициянын майору О.Э. Ош ОИИБдин жетекчилигин атына кылмышка шектүү КРдин ички иштер органдарында иштегендиги туралуу атайын маалымат берүүнү уюштурушпастан, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча ар тараптуу жана толук тергөө аракеттерин жүргүзүшпөстөн,сотко чейинки өндүрүш иши боюнча мыйзам чегинде негиздүү чечим кабыл алышпастан, коомчулуктун арасында ИИОнун кызматкерлеринин дарегине негиздүү сын-пикирлердин жаралышына шарт түзүшүп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин, Кыргыз Республикасынын ИИОнун тартиптик уставынын талаптарын бузгандыктары,ошондой эле жогрудагы жагдайлар боюнча кол алдындагы кызматкерлерине тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Кара-Суу РИИБдин жана Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчилерине тартиптик жаза берилди.Ички иштер оргадарында иштеп укук бузууларга жол берген кызматкерлерге ички иштер органдарынын катарында иштөөгө жол берилбейт жана андай аракеттерди жасаган кызматкерлерге карата аесуз күрөш жүргүзүлөт.



Ссылка: https://barometr.kg/osh-oiibiz-kyzyna-kol-ktrgn-atamyjzam-cheginde-zhoopko-tartylat



Добавить комментарий